Бишкекте "күч колдонуу менен тартып алган унааны кайтарып берүүгө акча талап кылган" деп шектелгендер кармалышты

Борбор калаада күч колдонуу менен тартып алган унааны кайтарып берүүгө акча талап кылган" деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 13:00 чамасында эки белгисиз адам күч колдонуу менен "Дордой" базарынын аймагынан Б.Маматов аттуу жарандын кара түстөгү Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Кийин унааны уурдап кеткендер аны кайтарып берүү үчүн акча талап кылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбор калаада жашаган Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган М.Б. жана 1982-жылы туулган Р.Т. аттуу тургундары кармалышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Rus.ruslan

22.04.2016. 09:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба!
BOSSFR

22.04.2016. 16:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар эмне болуп баратат?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.