super.kg logo

Жөлөк пул төлөмдөрү акыркы 5 жылда 30 пайызга жогорулаган

 

Кыргыз Республикасында жөлөк пул төлөө соңку беш жылда 30 пайызга өскөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы жылдык төлөм 5 миллиард 127 миллион 758,8 миң болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 7 миллиард 317 миллион 578,1 миң сомго жеткен. Бул сумма жалпы бюджеттин 88 пайызын түзөт. Каражаттын калган бөлүгү балдар үйүнө, психоневрологиялык оорулууларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумшалат. Ушундай эле пайыздык көрсөткүчтүн артуусу кош бойлуу энелер үчүн да байкалган. Бул жаатта 2012-жылы бюджеттен 203,4 миллион сом бөлүнсө, үстүбүздүгү жылы 335 миллион 38,7 миң сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.04.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорулабай калсын,короондо "чычкак" улагын болсо дагы беришпейт,булар бир сындырым нанын жок болуп калса анан берет окшойт,пособиеге документ толтуруш учун эле бир топ эшикти сагалайсын,беш сом бер,он сом бер деп отурушат.Эч кайсы ишкана эн эле жонокой справканы 20 сомсуз бербейт,не заманга калдык тообоо...
22.04.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майыптардын пенсиясын дагы жылда мед.кароодон откоруп анан беришет,эки айлык пенсияны ошолорго берсен анан,ооба бул "точно" майып деп жазып беришет,коруп турат буту баспайт,жок баары бир текшеришет.
22.04.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматтуу окурмандар эл пособиеге ишенип жашабаш керек, ал мамлекеттин жакыр жашаган калкына садака катары эсептелет озунор башка иш кыла бергиле.
22.04.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөлөк пулду берүүдө коррупция тамырлап кеткен.. Кааласа үч айда, кааласа алты айда токтотуп койушат экен. Качан бир айлыгын сиз алыңыз улантып койуңуз дегенде бере башташат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: