super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бала эмчек эмип жатканда башка нерселерге алаксыбай, көңүлдү наристеге буруу керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Наристелүү апаларга жардам" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жаңы төрөгөн соң бир ысып, бир муздап, суусап чыгат. Ошондо жеңил кийинбей, 2-3 күн эмизүү, калыптанганча суюктукту аз-аздан гана ичип туруу жакшы. Суюктукту көп ичсе көп сүт келип көкүрөк катып чыгат. Сүт келгенге чейин бала сураса улам көкүрөктү алмаштырып эмизе берүү, биринчиден, сүттүн бат келүүсүнө өбөлгө түзөт, экинчиден, жатынды жакшы жыйрылтат".

"Бала жаткан бөлмөнүн терезеси күн тарапты караганы талапка ылайык. Бөлмөнү колдон келишинче 20-23 градус температурада кармоо керек. Бат-баттан желдетип туруу зарыл. Жаңы төрөлгөн баланы күнүгө же 2 күндө бир жолу сууга түшүрүп туруу, туз, череда, ромашка, календула чөптөрү менен чайкап туруу керек, кээ бир чөптөргө аллергиясы жокпу, ошону байкаш керек.

"Бала кичине торолгондон баштап күн нурларына денесин кактап 5 мүнөттөн жогору көбөйтө берүү керек, айрыкча кыш мезгилиндеги төрөлгөндөр үчүн. Баланы эмизерде эмчекти да таза кармап, сүртүп турганга атайын чүпүрөктөрдү камдап коюш керек. Бала эмчек эмип жатканда башка нерселерге алаксыбай, көңүлдү толугу менен наристеге буруу керек. Бул баланын чакап кетишинин алдын алат жана эне-баланын ортосундагы байланышты бекемдейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.04.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш энелерге айтаарым канча керек баланы узак эмизгиле жок дегенде 2-3жашка чейин мээрим менен,кокурокту дайым жылуу кармаш керек ,6 айга чейин кошумча тамак бербегиле эгер сут чыкпаса сабиздин согун уй шартында ичкиле,эн негизи жаны торолгондо уузга тойгузуп койсонор озунор эле жыргайсынар ,жоош бала уйкучу эне болуп.
24.04.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene balmuzdak suusunduk kop jese balanin tamagy oorup kalishina taasir berbeybi kim bilet???
25.04.2016. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамагы оорубаса да суук келип алергия бериши мункун ,эгер алты айдан отсо коп эмес аз аздан уйротсонуз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: