Тайырбек Сарпашев: "Окуучулардын тизмесин электрондук бирдиктүү базага киргизүүнүн шайлоо саясатына эч кандай тиешеси жок"

Окуучуларды электрондук бирдиктүү базага киргизүүнүн эч кандай шайлоо саясатына тиешеси жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди.
“Бул иш-аракетти Билим берүү министрлиги менен биргеликте аткаруудабыз. Окуучулардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту базага киргизилет. Окуучунун ар бири жеке код менен бекитилет. Мындай иш-аракет менен бир мектепте канча бала окуганын билебиз. База аркылуу канча билим мекемелерин салууга болору же эмдөөнү канча балага шартташ керектиги билинет. 1-18 жашка чейинки балдардын баары электрондук базага киргизилет. Эч кандай шайлоого тиешеси жок адамдарды каттап жатабыз. Ошондуктан жарандардан электрондук базаны саясатка аралаштырбоону өтүнөм”,- дейт Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Билим берүү министрлигинин электрондук база
иш-аракети 25-майда аяктайт.







1 |