super.kg logo

Республикада 11 миңден ашык адам жарандык паспортко муктаж

 

Республика боюнча жарандыгы жок жана документ албаган адамдардын саны 11 065ке жеткен. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына кыргыз жергесиндеги Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда 11 миңден ашык паспорту жок адамдардын ичинен 7720 адам кыргыз жарандыгына ээ болгон. “Документке ээ болбогондордун көпчүлүгү СССРдин эски паспорту менен калган жарандар экендиги аныкталды”,- деди Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын башчысы Маки Шинохара. "Кыргыз Республикасы бул долбоорго пилоттук өлкө катары кабыл алынган. Учурда Ысык-Көл, Нарын облустарында документ маселеси чечилип жатат. Мисалы, Ысык-Көлдө 357 адам жарандык документке муктаж экен. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Баткен облусунда Тажикстанда жашаган кыргыздар арыз менен кайрылып, 352 адамга документ берилди",- дейт Маки Шинохара.

Ошондой эле качкындар маселеси дагы каралып, 2016-жылдын март айында 14 качкын арыз менен кайрылганы маалым болду. Алардын үчөөсү өзүнүн өлкөсүнө кайтып, жетөөсү башка мамлекетке кетип, төрт качкын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алды. “Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгынан баш тарткан адамдар да жок эмес. Былтыркы жылдын эсебинен 2034 адам өздүк жарандыгын таштап, башка мамлекеттин паспортун алды”,- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Махабат Пратова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.04.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай жол менен оной паспорт алса болот?билсенер жаза кеткиле.Паспорт жок з...
22.04.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо баардыгы оной
22.04.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда паспорт алуу эн оной эле болуш-керек менимче
22.04.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качкындар дегенин тушунбодум,тушундуруп койгулачы?
25.04.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Genar.benicio, саламатсызбы!
Качкын - бөлөк өлкөдөн баш паанек издеп келген жаран.
22.04.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы,оз жарандыгынан баш тарткандар дегени,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: