super.kg logo

СУПЕРСТАН: "9-классымда 11-класста окуган бир кыз менен мушташып кеткем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мектепте мушташчу белеңер?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен 9-классымда 11-класста окуган бир кыз менен мушташып кеткенимди эч унутпайм, анткени анда утулуп, ыйлап калгам да. Чоң кыз менен мушташкан мен да эр экенмин деп коём азыр. Ошондо боюм кичинелик кылып койсо керек. Ал кыз менин классташымдын аталаш эжекеси болчу. Кийин таарынычы жок эле учурашып калганбыз. 10-классымда болсо классташ кызымды жаакка бергенимди мен да, классташтарым да такыр унутушпайт. Эртеси анын жаагы кадимкидей көгөрүп калганын көргөндө аябай уялгам".

"Биз сабактан кийин калып, мектептин жанындагы эски мектепте куурчак, конокко барып ойночубуз. Айпери деген классташыбызга апасы кооз сарафан алып берген экен, "кел, мен бир жолу конокко кийип барып келейин" десем болбойт. Анан жиним келип оозуна тепсем, тиши сынып калып жатбайбы. Коркконумду айтпагыла, милицияга берет деп".

"5-класста бир бала менен мушташып, ал да мени урган, мен да жөн калбай таш менен ургам. Анан экөөбүз тең ыйлаганбыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.04.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Галовкин утту эркек экен
24.04.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектеп убагында эмнелер гана болбойт.Жылмаюу менен эстеп кетем кээде.Анда торт же бешинчи класс болсок керек.Бир классташ балабыз мага тийишип экообуз уруша кеттик ангыча эле бир кызыбыз менин эжемди чакырып келе коюптур.Эжем экообуз ал классташымдын койногун тытып коюп эжейибизден тил угуп, ыйлаган элем.
25.04.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabbat, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: