Жалал-Абадда жер көчүп, үч чабандын жайлоодогу үйлөрүн басып калды
23-апрелден 24-апрелге караган түнү Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Үч-Чат жайлоосунда жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жер көчкү үч чабандын жайлоодогу убактылуу жашоочу үйлөрүн басып калган, табигый кырсыктан улам жабыркагандар жок. Маалыматты жеринен тактоо үчүн ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы жана адистер бүгүн саат 07:30да кырсык болгон жайлоого жөнөп кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ал уйлорду кайрадан салууга болот.
Эн башкысы адамдар аман калыптыр
Аллахка шугур!