super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Нарында быйыл ишке берилүүчү Неврология борбору иштебей, тургундар эски имаратка барууга муктаж

 

Нарын облусунда 2016-жылы ишке берилүүчү жаңы Неврология борбору иштебей жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, тургундар имаратынын абалы начар болгон неврология бөлүмүнө барууга муктаж.

"Нарын облусунда жалгыз неврология бөлүмү бар. Бул имарат 1960-жылдары салынган, 50 орунга ылайыкталган. Азыркы учурдагы абалы өтө кейиштүү. Нарын облусу бийик тоолуу аймак болгондуктан, жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешет, мындан улам кезекке туруп дарыланууга муктаж",- деди окурман.

"Ал эми бул Неврология борбору 2014-жылы салынып баштаган. 2016-жылы ишке берилмек. Азыркы учурда ачыла элек. Өкмөт жактан колдоо болсо ишке киргизилмек",- деген пикирин айтты окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.04.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окмотун чабалсыздыгы деп айтат элем окмот башын баштайт да аягына чыгышпай жатып олкодо экономика ордунан жылбай атат канча башталган иштер аягына чыкпай миллиондогон сомдор асманга чачылды
25.04.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каерден окуганымы эстей албай калдым. Гранд менен алынган акчанын суммасы 3.5 млр $ деп окудум окшойт. Ошончо акчага эмне салынды экен ?
Жол салабыз деп канча акча кетти, бир жылдан кийин ал салынган жол жараксыз болуп жатат.
Бийликке келгендин баары жейм деп келеби ?
Деги качан келет кыргыз деп жүрөгү соккон президент ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: