super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Европа кубогу" Эл аралык музыкалык сынагында бишкектик окуучулардан турган "Санат" тобу 1-орунду багындырды

 

Беларустун Минск шаарында өткөн "Европа кубогу" Эл аралык музыкалык сынагында мамлекетибиздин атынан барган "Санат" ансамбли 1-орунду багындырды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, балдар музыкалык аспаптарда ойноо багыты боюнча күч сынашкан. "Алар бир катар беларустук, орусиялык атаандаштарын артта калтырышты. Бишкек шаарынын №13-мектеп-гимназиясынын окуучулары белгилүү Атай Огомбаевдин "Маш ботой" жана белгилүү музыка чебери Табани Кожоярованын "Санат" күүсүн аткарышты",- деди окурман.

"Европанын кубогу" сынагынан тышкары "Санат" ансамбли "Души серебряные струны" Эл аралык фестивалына катышып лауреат болду. "Санат" ансамблинин жетекчиси Табани Кожояровага Орусиянын Маданият министрлиги тарабынан "Ыраазычылык диплому" ыйгарылды. Ал эми ансамбль ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган "Күмүш камертон" аттуу 10-Эл аралык музыкалык сынагына чакыруу алды",- деп белгиледи окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
25.04.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай азаматтар суйунгондорунон желекти да тескери кармап алышыптыр
25.04.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар.куттуктайм 1-орунду алышынар м н.мындан ары да онуго бергиле
25.04.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы азаматтар келечек жаштардын колунда
25.04.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматтар тан эрте жакшы жанылык окуп кубанып алдым
25.04.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен суйунгонумдон козумо жаш алдым, Белоруссияда кичинекей кыргызымдын суйунгон жуздорун коруп орусча айтканда это наша гордость.
Belek2070 түзөттү 2016-04-25 08:16:52
25.04.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар, дагы да коптогон ийгиликтерди багындыргыла!!!
26.04.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар онорунор оркундой берсин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: