ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: 69 жыл мурун голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройф туулган

1947-жылы 25-апрелде белгилүү голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройф жарыкка келген. Нидерландынын Амстердам шаарында туулган Й.Кройф айтылуу “Аякс” футболдук клубунун футболдук академиясында тарбияланган.
Ал Голландия курама командасынын лидери катары белгилүү. Курама команда менен ал 1974-жылкы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынса, 1976-жылкы Европа чемпиондугунда 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Голландиянын формасы менен майданга 48 ирет чыгып, 33 ирет айырмаланган. Футболчу катары карьерасында голландиялык (“Аякс”, “Фейенорд”), испаниялык (“Барселона”, “Леванте”) жана америкалык клубдарда (“Лос-Анжелес Ацтекс”, “Вашингтон Дипломатс”) ойногон. 1965-жылы баштап, 1984-жылы аяктаган клубдук карьерасында Голландиянын чемпиондугун 9 ирет, Испаниянын чемпиондугун 1 ирет утуп алган.
Карьерасын жыйынтыктаган соң машыктыруучулук менен алектене баштаган. 1989-1996-жылдар аралыгында ал машыктыруучу катары каталондук “Барселона” менен Испания чемпиондугун 4 ирет (1991-1994-жылдар аралыгы), Европа чемпиондорунун Кубогун 1 ирет (азыркы Чемпиондор Лигасы, 1992) уткан.
Футбол адиси 2016-жылы 24-мартта көз жумду. Ал акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген эле.
25-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bazarkyl

25.04.2016. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фуьболчу эмес, теренер катары сыйлачу элем.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.