КҮНСЕРЕП: Бишкектин жолдору гана эмес, дарактары да жарактан чыгууда
Бүгүн, 25-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет өлкөдө окуп жатышкан кыргызстандык студенттердин окуу акысынын 50 пайызын мамлекеттин эсебинен төлөөнү сунуштап жатат. Депутат мындай пикирин бүгүн, 25-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирип, бул максатка жетүү үчүн жаштар фондун түзүү керектигин айтууда. Депутат ушундай жол менен кыргыз мамлекетине жаш, мыкты кадрларды даярдоого болот деген ойдо.
Депутаттын сунушу учурдун талабына анча шайкеш келбей турат. Мамлекеттин акчасын сырттагы окуу жайлардын казынасын толтурууга жумшабай, ошол каражатты кыргыз өлкөсүнүн билим берүү системин оңдоого жумшоо зарыл. Жаштарды сырттан билим алууга түртпөй, ошол окуу жайлардын филиалдарын өлкөнүн аймактарына ачуу жолдорун караштыруу туура болмок, анткени сырттан окуган кадрлардын пайдасын Кыргызстан көрбөй деле жатат. Акаевдин тушунда "21-кылымдын кадрлары" деген программанын эсебинен кыргыз өлкөсүнүн ондогон жаштары чет өлкөдөгү мыкты окуу жайлардан бекер окутулган. Ошолордун көбү окуусун бүткөндөн кийин карьерасын сырттан улантууну чечишип, мамлекетке кайтып келишкен жок. Бул мамлекеттин камкордугу талаага кетти дегендик. Мамлекет убагында шарт түзүп берип бекер окутканы, өлкөгө келип иштеп берет деген үмүтү эске алынбай калды.
Бишкекте дарак кулап, автоунааны басып калды. Кырсык шаардын Гоголь жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Куураган дарактын кулашынан автоунаа жараксыз абалга келди. Борбор шаарда бир ай мурун дарактын кулашынан бир адам каза тапкан эле. Андан эки күн өтпөй сейил бактардын биринен дагы бир дарак жыгылып, бир адам жабыркаганы белгилүү. Чириген дарактар адатта катуу шамалдан, жаан-чачындан улам күч келип кулайт. Акыркы күндөрү жөн эле турган жеринен кулап түшүүдө. Жогорудагы адам өлүмү менен коштолгон кырсыктан кийин Бишкек мэриясы чочуп ойгонуп, шаардагы дарактарды тез арада текшерип чыгып, адам өмүрүнө коркунуч жараткандарын кыюу тапшырмасын берген.
"Жашылдандыруу" ишканасынын билдиришинче, Бишкек шаарында адам өмүрүнө коркунуч жараткан 2936 дарак бар (2016-жылдын, 20-апрелине чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы). Мунун 1018и мектеп жана бала бакчалардын жанында жайгашкан. 1062 дарак толугу менен, 420 дарак жарымынан кыйылышы керек. Ушул коркунучтуу 3 миңдей дарактын учурда 160ы гана кыйылганы жатканы кабарланды. Калганын кыюуга тийиштүү документтер даярдала элек экен. Алардын качан кулап түшөрү, дагы канча өмүр кыйылары белгисиз. Бир айдан бери 160 гана даракты кыюуга акт чыгарып беришкен. Мындай "тездик" менен иштесе, калгандарын кыйып жок кылууга дагы бир нече ай убакыт кетет. Эгер иш үзгүлтүккө учурабай жүрсө... Болбосо кооптуу дарактардан арылууга дагы бир нече жыл бар. Бишкекте көп жылдан бери картайган дарактар кыйылышы менен катар жаңыларын тигүү, өстүрүү иши тегиз жүрбөй жатат. Минтип отурса бир кезде "жашыл шаар" аталган Бишкек жакынкы күндөрү жашыл болбой калганы турат. Дарактардын тегиз куурап жатышына былтыр шаардын сугаруусуз калганы себеп болгонун мэрия моюнга алган. Кантсе да адам өмүрүнө коркунуч жараткан дарактар тезинен кыйылуусу зарыл.
Бишкек шаарында, шаардын тегерегиндеги жаңы конуштарда зордуктоо, зордуктоого аракет кылуу кылмыштары кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Зордуктоо боюнча сандар айрым айлакер айымдардын же милиция кызматкерлеринин акча жасоо амалынын эсебинен да өсүп жатканы чындык. Милиция өкүлдөрү менен айрым айымдар тил табышып алышып, ортодон бирөөлөрдү кылтакка илген учурлар да кездешүүдө. Ошол эле учурда милиция кылмышка шектүүлөрдүн кармалып, сурак берип жатканын күн сайын бир нече фактыны мисал келтирип жарыялаганы менен, зордукталганы үчүн соттолду деп жарыялангандар бирин-серин эле.
кошулду



