Баткен. Лейлекте жамгырдан улам унаа каттоочу жолду сел каптады





Кечээ, 24-апрелде Лейлектин Сумбула айылында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Исфана -Андарак - Көк-Таш ички жолун алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолдорду эксплуатациялоочу мекемеден бир грейдер тартылып, жолдорду тазалоо иштери жүргөн. Учурда жол толугу менен ачылып, унаа каттамы калыбына келтирилди. Селден жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.