Чүй облусунда уурдоо фактысына шектелген 2 өспүрүм кармалды
Чүй облусунда уурдоо фактысына шектелген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Новопокровка айылынын 33 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 24-апрелге караган түнү белгисиз адамдар анын дүкөнүнө уурулук кылуу максатында киришкенин билдирген.
Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы К.Т. жана 15 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.