Ошто ордо оюну боюнча өлкө биринчилиги өтүп, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барчу улуттук курам бекитилет

25-28-апрель күндөрү Ош шаарында ордо оюну боюнча республикалык биринчилик өтөт. Ош мэриясынан кабарлашкандай, мелдеш Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде өткөрүлөт.
SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген курама командалар катышат. Мелдештин жыйынтыгында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган улуттук курама команданын курамы бекитилет.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылдын 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Оюндардын программасында 25 спорт түрү бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
civic93

25.04.2016. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол бугун болуп жаткан экен .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.