Бишкекте "жаңы конуштардын биринен күч колдонуу менен зордуктоого аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарындагы "жаңы конуштардын биринен күч колдонуу менен зордуктоого аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Б.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал М. аттуу чала таанышы Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринен күч колдонуп, аны зордуктоого аракеттенгенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 23 жаштагы Т.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кунаажын биринчи көзүн сүздүбү, же бука жибин биринчи үздүбү ?