Чүй облусунда "чала таанышын ур-токмокко алган" деген шек менен 61 жаштагы жаран кармалды
Чүй облусунда "чала таанышын ур-токмокко алган" деген шек менен 61 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 7-апрель күнү арыз менен 53 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 6-апрелде саат 20:00 чамасында Бакыт аттуу чала таанышы аны себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Бул факт боюнча “ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 61 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.