super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Президенттен кечирим сурасаң коё беребиз дешти, бирок мен сураган жокмун"

 
Бүгүн, 29-мартта "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот жыйыны өтүүдө. Анда айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев акыркы сөздө өз пикирин айтты. "Биздин үстүбүздөн жүргүзүлгөн сот процесси аягына чыгууда. Бул сот процесси саясий иш, убакыттын өтүшү менен куугунтук жасоону уюштургандар жооп беришет. Мага болбосо да балдардын, урпактардын алдында жооп беришет. Бизди коркута алган жоксуңар, кыргыз үчүн бардык кыйынчылыкка чыдап каршы турарыбызды унутпагыла. Бийликти күч менен басып алууга болгон аракетибизди аныктап, документтүү далилдерди келтирүү мамлекеттик айыптоочулардын негизги иши болчу, бирок эч кандай далил болгон жок. Эл, жер, мамлекет деп жүрүп абакта отурабыз. Элибизди, туугандарыбызды кыйнадык. Биз эркиндикке чыгуу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын саткан жокпуз. Менин жалынып-жалбарып кечирим суроомду күтүп турушту, мамлекет башчысынан кечирим сурасаңар коё беребиз дешти, бирок мен кечирим сураган жокмун",- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: