Талас. Кара-Буура районунда 17 жаштагы окуучу асынып каза болду

Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында 17 жаштагы окуучу асынып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 23-апрелде саат 13:00 чамасында болгон. Анда сабактан үйүнө келген 1999-жылы туулган өспүрүм кыз короосундагы сарайына барып асынып алган. Кыздын жансыз денесин апасы көрүп калган. Учурда кыздын өлүмүнө эмне себеп болгондугу аныкталууда.
Белгилүү болгондой, акыркы учурда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары көп катталып жаткандыгына байланыштуу окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Себебин билбесек кыйын да. Же акыркы катын жазып кетсе жеңил болот беле ата энесине.
Кудай сактасын жаштарыбызды.