super.kg logo

Бишкектин тегерегинде кубаттуу электр линияларынын тушуна мыйзамсыз салынган үйлөр көбөйдү (фоторепортаж)

 

Бишкекте жогорку чыӊалуудагы электр линияларынын тушуна мыйзамсыз салынган үйлөр көбөйдү. Бул тууралуу журналисттерге рейддин жүрүшүндө Энергетикалык коопсуздук боюнча башкармалыктын кызматкерлери далилдешти.

Алгач Маевка айылындагы кубаттуулугу 110 киловольт электр линияларынын жанындагы тамдарды, футбол ойноочу стадионду көрө алдык. Чүй облустук жогорку чыӊалуудагы электр байланыш ишканасынын өкүлү Замир Атыкановдун айтымында, мыйзам чегинде аталган курулуштар электр линияларынан 20 метр алыс аралыкта болуш керек. Анткени жогорку чыӊалуудагы зымдар жарандардын өмүрүнө зыян алып келип, кооптуу кырдаалды жаратат. “Биринчиден, мындай жогорку чыӊалуудагы линиянын жанында жашагандардын ден соолугуна зыян, себеби электр магниттик талаа пайда болуп, тургундардын баштары ооруп, кан басымдарына таасир берет. Жарандар биздин ишканабызга дагы ыӊгайсыз абалды жаратышууда. Текшерүү, оӊдоо иштеринде жолдордун тардыгынан унаабыз жолдордон батпайт”,- деди З.Атыканов.

Андан соӊ журналисттер тобу ошол эле аймакта жайгашкан жогорку чыӊалуудагы электр линиясынын тушунда жайгашкан чоӊ күнөсканага күбө болду. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын башкы инспектору Марлис Өмүралиев аталган мыйзам бузуу фактыларын сотко өткөрүп бергени менен, эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын айтты: “Маевкада 14 мыйзамсыз курулуш катталган. Баарын сотко өткөрүп бердик, бирок эч кандай майнап чыкпай келүүдө. Мисалы, бул күнөскананын тегерегин баары тосмо менен тосуп алган. Биздин кызматкерлер кантип оӊдоо иштерин аткарышат, унаабыз каяктан кирет?”

"Электр линиялары боюнча эӊ оор маселени жараткан аймак - Дордой-2 конушу",- дейт Марлис Өмүралиев. Бул жерде 19 үй кубаттуулугу жогору электр линияларынын жанына салынган. “Мыйзамсыз деп 2 үйдү түрттүрдүк, бирок кайрадан үй түшкөн. Биз мыйзам чегинде жоопко тартабыз, бирок жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп берген айыл өкмөттөрү, тиешелүү органдар жоопко тартылбай келүүдө",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.04.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
фотолор начар тартылыптыр
25.04.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдик кабарчыларга жакшысын берип жатып, өздөрүнө арзан сотка калган окшой да.
25.04.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карапайым элди алдап, сатып жибергендерди териштирип ошолорду төлөтүп алыш керек.
25.04.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди сатып алгандан кийин тамын салатда алардын деле уй було бала чакасы барго
Gulya21 түзөттү 2016-04-25 22:39:05
26.04.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл өзү эле үйдү салып алган жери жок да мыйзам бузгудай. Үй салаардан алдың электродон, экологиядан уруксат алып анан салса керек. Экологиялык-техникалык инспекция сотко өткөрүп жыйынтык чыкпай жатса демек элдин документтери бар да.
26.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20метр алыстыкта болуш керек деп жазышыптыр го менимче бул туура эмес анткени 600-800метрге чейин зыяны тиет деген информация бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: