super.kg logo

Аксы районундагы 14 миң калкы бар Кош-Дөбө айыл аймагына Иринжит каналынан сугат суу берүү бир айга кечигип жатат

 

“Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагына Иринжит каналынан сугат суу берүү бир айга кечигип жатат. Учурда бак-дарактарды сугаруу мезгили. Буга чейин суу апрель айынын башында берилчү",- деп билдирди SUPER.KG порталына Аксы районунун тургуну Токтобай Эсеналиев.

Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ысмайыл Ибраимов суунун кеч берилишин Иринжит каналындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жатканы менен байланыштырды. 2015-жылы Иринжит каналы 3 жеринен жарылып кеткен болчу. Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ысмайыл Ибраимовдун 9-апрелде "оңдоо иштери бүтсө, 25-апрель күнү сууну коё беребиз” деп жалпы жыйында элге берген убадасы аткарылган жок.

Иринжит каналынан келген сууну Кош-Дөбө, Атана, Чие, Торук, Жаңы-Торук айылдары пайдаланат. Каналдын узундугу 7 чакырым 800 метр. 2015-жылы 23-июлда президент А.Атамбаев ачылуу аземине катышып, кызыл тасмасын кесип кеткен.

Белгилей кетсек, мамлекеттик комиссия каналдын курулушун текшерип өткөрүп ала элек. Иринжит каналы 2013-2014-жылдар аралыгында президенттин жеке көзөмөлүнө алынып, 411 миллион сом жумшалып бүткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев барган учурда ал каналга сууну насос менен айдаган. Кийин көп убакыт суу келбей турду. Акыркы көргөнүмдө суу агып жаткан.
Алатопуларга өткөн сууну, Падыша-Ата айыл өкмөтүнөн ашырса (Ак терек каналы) Аксынын өтө көп жерлери сугат жер болот.
Эгер суу бекер акса, анда нефть газ да бекер агыш керек деген принцип менен сууну буруш керек.
Жайында Падыша ата дарыясын өзүбүз кенен колдоно албайбыз азыр. Себеби биздин президент катуу туралбаган эч качан. Атамбаев эми курч курч сүйлөй
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: