Аксы районундагы Токтогул айылынын тургуну 10-12-кылымдарга таандык 2 кумураны 10 миң долларга сатуудан баш тартты



Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Токтогул айылында табылган 10-12-кылымдарга таандык кумурулардын ар бири 5 миң долларга бааланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына айыл тургуну Алтын Нарбаев билдирди.
“Атам Нарбай 60-65 жыл мурда жерден тапкан кумураларды Ташкент шаарынан адамдар келип 5 миң АКШ долларына сатууну сунушташкан. Бирок мен атамдан калган мурасты сатпай койдум”,- дейт Молдалы Нарбаев.
Учурда табылган кумуралар 20 жылдан бери ун салуучу карапа катарында пайдаланылат. Кумуралардын сыртында кыргыздын оймо-чиймелеринин сүрөттөрү тартылган. “Кумураны жерден чыгаруу үчүн тегерегин казып жатканда атам адамдардын сөөктөрүнүн бөлүктөрүн да учуратканын айтып берген”,- дейт М.Нарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
2

Бул айыл Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө карайт жана Сары-Кашка деп да айтылат.