Кыргыз боксчулары Украинадагы эл аралык мелдеште жарым финалга өтүштү
Украинанын Херсон шаарында өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин “А” тобунда кыргызстандык спортчулар жарым финалга өтүштү. Алар Медер Мамакеев (56 килограмм) жана Адилет Бекеев (60 килограмм). Маалым болгондой, бул эки боксчу бүгүн, 29-мартта украиналык боксчулар менен беттешет. Айта кетсек, мелдешке аталган 2 спортчудан сырткары Кыргызстандын атынан Турат Осмонов, Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов жана Болотбек уулу Эркин барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.