КҮНСЕРЕП: Президенттикти мээлегендер КСДПны жарга түртүп жатышабы?
Бүгүн, 26-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин жактырды. Бийликтин талапкери комитеттен үн-сөзсүз, көз ачып жумганча колдоо тапты. Спикерликке талапкер эртең палатага чыгарылат.
Коалициянын атынан сунушталып, мына-мына кызматка отурат делип жатканына карабай Турсунбековдун спикер болуп шайланарына бекем ишенүүгө эртерээк. Бийликтин партиясы бараткан багытын саналуу сааттын ичинде 180 градуска өзгөртүшү мүмкүн. Оппозиционер Атамбаевдин 2010-жылкы бийликти алмаштырууга чейин кийип жүргөн "эски чокою" учурда президент Атамбаевдин маңдайында илинүү. Спикер шайлоодогу негизги тоскоолдук да ушул... Эгерде президент Коконду башкарган Шералы хандын кейпин кийип, тегерегиндеги адамдардын акылы менен өзүнүн эски чокоюн үзө чаптырса, анда иши кыйындады дегендик... Анын үстүнө спикерликке талапкер чыгаруу боюнча коалициянын, анын негизги локомотиви КСДПнын чечимине коомчулуктун пикири айкын болду. Бийликтин узурпацияланып жатышы тууралуу айыптоолор туш-туштан жамгырдай жаап жатканы чындык. Бакиевдин атактуу "Ак жолунун" ордун азыркы КСДП басканы, мындай жүрүшүн токтотпосо, жакында бийлик башындагылар "жардан учары" айтылып, жазылууда. Ушундай сигналды КСДПнын тоготпостук кылышы же жөн эле бирөөлөрдүн күчтүү чабуулуна өзүн салып бериши мүмкүн эмес...
Жагдай кантип өзгөрүшү мүмкүн? Коалициянын бирдиктүү чечими эчак чыккан, аны өзгөртүшпөйт. Чыныбай Турсунбеков спикерликтен баш тартып, ордуна башка фракциялардан, бирок бийликтин өз кадрларына тете "ыңгайлуу" бирөөнүн спикерликке шайланышы мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке күтүүсүз келип калганын айткан сыяктуу эле, эртең спикер деле күтүүсүз шайланышы ыктымал. Бийликтин өзүнө ишенимдүү талапкерди тандоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Бийлик спикерликке талапкерди "Ата Мекенден" көрүүгө анчейин кызыкдар эмес. Анткени акыркы жылдары бир командада иштеген Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодо КСДПны кантип "мактаганы" белгилүү. Турсунбеков баш тарткан жагдайда ордуна талапкер "Кыргызстан" же "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан каралышы күтүлөт.
Кырдаалдын экинчи тарабы... Текебаев бийликтин бардык бутактарынын КСДПга берилип жатышын бүгүн түшүндүрүмүш болду. КСДП спикерлик орун менен кошо бардык жоопкерчиликти моюнга алганы жатканын айткан депутат: "КСДП фракциясынын парламенттеги өзгөчө ролу талашсыз. Коалициянын түзүлүшүнө, анын ынтымакта иштеп кетишине биринчи кезекте КСДП жоопкер. Бул функцияларды мындан ары аткарып кетиши үчүн ага мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик. Спикерлик аларга салмак, аброй кошот, ошол тагылган жүктү мындан ары ийгиликтүү аткарганга шарт түзөт", - деди. Спикерликке барбай жатканын Текебаев өзү: "Азыркыдай шартта менин спикер болушум саясий балансты бузат, мындай болушун каалабайм", - деп түшүндүрдү.
Азыркы атамбаевдик партия алып жаткан жоопкерчиликти убагында бакиевдик "Ак жол" дагы алган. Ал жоопкерчиликти Бакиевден эл кантип сурап алганы белгилүү, 2010-жылкы революция мунун айкын далили. Канткен күндө да "Ата Мекендин" лидеринин мындай позициясын алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырууга негиз түзүлүп отурат. Текебаев менен Бабанов спикерликти КСДПга сыйлаганы үчүн эмес, көбүрөөк президенттик шайлоонун камылгасы катары ыраа көрүп жаткансыйт. Шайлоого жакын калды, эртең аткарылбаган, туура эмес жасалган иштердин баарын Атамбаевдин партиясына оодарып салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышкан өңдүү. Же экөөсүндө тең бийликке жагынуу ыкмасы аркылуу учурдагы президентке мураскер болуп калуу тилеги күч.
Жоопкерчиликти жалгыз КСДПга оодара салуу оюну шайлоодо жардам бербей турганы жакында эле далилденген. 2015-жылга чейин коалицияда жүрүп жоопкерчиликтен дайыма качып келген "Ар-намыс" менен "Ата Мекендин" акыркы шайлоодогу "ийгиликтерин" мисал кылуу жетиштүү. Муну азыркы коалициялык көпчүлүккө кирип, бийликтин баарын бир партияга тартуулап жаткан фракциялар эсинен чыгарбашы зарыл...
Акаев-Бакиев доорунда айтылган эски убадалардын бири бүгүн кайталанды. Аксы районунун акими Медет Айдаралиев район аймагындагы Ак-Терек каналын казуу иштери башталарын билдирип, канал курулуп бүтөрү менен Кош-Дөбө айылынын гектарлаган талаалары сууга марый турганын убадалады.
Каналдын маанилүүлүгү 1991-жылдан бери айтылып келе жатат. Бишкектен Аксыга барышкан чиновниктер "Ак-Терек каналын курбасак болбойт" деп айтышмайынча жегени аш болбойт сыяктанат. Каналдын курулушу өкмөттүн чарбалык иши экенине карабай шайлоолордо талапкерлердин программасына салмак кошуучу предмет катары пайдаланылып жүрөт. Аксыдан чыккан жогорку кызматка талапкерлер, районго жолугушууга барган мамлекет жетекчилери Ак-Терек каналын сөзсүз бүтүрө турганын айтып элге үмүт берүүгө шашышат, бирок иш жүзүндө эч нерсе жок. Эгерде канал курулуп бүтсө Кербен шаары, Чие, Атана айылдары сугат суу менен камсыздалмак. Көп жылдан бери иштетилбей жаткан 5000 гектарлуу Сары-Жайык тилкеси пайдаланууга берилет. Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджети каралып жатканда Ак-Терек каналы тууралуу бир ооз сөз айтылгандай болгон эмес, мындай ири долбоорду кайсы акчага бүтүрөрү табышмак. Же социалдык көйгөйлөр боюнча кайра-кайра митинг өткөрүшүп бийликке курч талаптарды коюп жатышкан Аксы элин сооротуу аракетиби? Көрө жатарбыз...
Кыргыз өлкөсүндө өспүрүм кыздардын этек кир гигиенасына байланыштуу сурамжылоо жүрүп, анда эки көйгөй аныкталды. Биринчиси - кыздардын этек кирдин келишине байланыштуу маалыматынын аздыгы, экинчиси - мектептердин дааратканаларында тийиштүү шарттын жоктугу. Маалыматты бүгүн Бишкекте өткөн тегерек столдо адистер айтышты. Изилдөө Чүй жана Ош облустарындагы 6 мектепте жүргүзүлүп, ага 200 өспүрүм катышкан. Окуучулардын көбү дааратканалардын сыртта жайгашканы кышкысын ыңгайсыздык жаратарын, анан да дааратканалардын санитардык нормаларга жооп бербесин белгилешет. Мындай жагдайда кыздарда гинекологиялык оорулар пайда болуп жатканын, кыздар ачык айта алышпай тартынып жатышканын билдирди "Save the children” Эл аралык долбоорунун менеджери Асел Абдырахманова.
Улуттун саламаттыгы түздөн-түз энелердин ден соолугуна байланыштуу. Жогоруда айтылган маалыматтар мектептерде Аялдар кеңешинин ишин жандантуу, билим берүүдөн тышкары кыздар менен жекече иштешүү зарылдыгынан кабар берет. Олуттуу көйгөйдүн баары кайдыгерликтен келип чыгат, демек, улуттун саламаттыгына кам көрүү мектеп босогосунан башталууга тийиш. Кыргыз менталитетине басым жасалып, мындай маселелер көбүнчө үй-бүлөдө талкууланбаган тема бойдон калууда. Демек, көйгөйдү мектепте талкуулап, чечүү окуучуларга ыңгайлуу...
кошулду

