super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Мени азыркы бийлик баалабаса, элим баалап алат"

 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда акыркы сөзүн сүйлөгөн Камчыбек Ташиев буларды айтты: “Күнөөлөнүп жаткан депутаттар эл менен болобуз. Бийлик мени шылдыңдап, экспертизадан өткөрүштү, эгерде мени бийлик баалабаса, мени элим колдоп, баалап алат. Урматтуу судья, саясатты аралаштырбай чыныгы укуктук негизде чечим кабыл алыңыз. Акыйкатка кайтуу сиздин колдо, эртең элдин колуна өтүп кетиши мүмкүн. Соттук териштирүү видео тасмага тартылды, аны бурмалоо мүмкүн эмес, мыйзам чегинде чечим кабыл алыңыз. Мени колдогон элиме ыраазымын. Баш коргоо чарабызды өзгөртүп беришиңизди өтүнөм",- деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: