Өмүрбек Текебаев КСДПнын өкүлдөрүнүн бийлик бутактарын ээлеп алышканы боюнча пикирин айтты

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында КСДПнын өкүлдөрүнүн бийлик бутактарын ээлеп алышканы боюнча пикирин айтты.
"КСДП - парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракция. Конституцияга ылайык, коалицияны түзүү мандатын президент КСДПга берген. Ошондуктан бул фракциянын өзгөчө ролу талашсыз. Коалициянын түзүлүшүнө, анын ынтымакта иштеп кетишине биринчи кезекте КСДП фракциясы жооп берет. Мындан улам КСДП бул функцияларды мындан ары аткарып кетиш үчүн ага биз Жогорку Кеңештин төрагасы кызматы берилиши керек деп чечтик. Спикерлик аларга салмак кошот, аброй кошот, ошол тагылган жүктү мындан ары ийгиликтүү аткарганга шарт түзөт деп КСДПнын талапкерин колдоп жатабыз", - деди Текебаев.
"Жарандар ар дайым: "Эмне үчүн жоопкерчиликти бир да партия албайт? Эмнеге өкмөткө ар дайым сырттан келген техникалык премьер-министр дайындалат?" - деп сурашат. Сатыбалдиевди коюшту, Сариевди коюшту. Уткан партия жоопкерчиликти өзүнө алсын, эл кимден сураарын билсин деген талап коюлуп жатат. Бүгүн өкмөттү дагы, парламентти дагы КСДП башкарып жатат. Демек, алар жоопкерчиликти өзүнө алды. Демек, биз мындай кадамды колдошубуз керек", - деп түшүндүрдү Текебаев.
Текебаев КСДПнын өкүлдөрү бийлик бутактарын ээлеп алышканы боюнча пикирин айтты


