super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы: "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө спорттук федерациялар чечүүчү ролду ойношот"

 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө спорттук федерациялар чечүүчү ролду ойношот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев 23-апрелде өткөн спорт федерацияларынын башчылары менен жолугушууда билдирди.

Катчылык уюштурган жолугушууга Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын башкы катчысы Сергей Даниленко, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Көк бөрү федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты Канатбек Исаев, Ат спорту боюнча федерациянын президенти Адамкул Жунусов, Ордо федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев, Бел боо күрөшү боюнча федерациянын президенти Акылбек Эшимов, Таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков, Салбуурун федерациясынын президенти Алмазбек Акунов, Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Нурбек Имакеев катышты.

Жолугушууда аталган оюндарды өткөрүү, спорт түрлөрү боюнча улуттук курамаларды бекитүү жана даярдоо, спорттук объектилерди бүткөрүү, мелдештерди уюштуруу жана башка уюштуруу иштери боюнча маселелер каралды.

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев белгилегендей, спорт агенттигинин, федерациялардын, Улуттук оюндар боюнча дирекциянын жана катчылыктын тыгыз кызматташуусу натыйжасын берет.

Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь аралыгында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болунгон акчалардын 15 пайызын эле жеп калганын туура колдонушса спортчуларыбыз женишет болуш керек баарын.аларга бербей койушса анда иштин буткону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: