Кремлге кирип Путинге жолуккусу келген мас абалындагы өзбек жигити кармалды, ага 500 рубль айып пул салынды

Путинге жолуккусу келген 35 жаштагы өзбек улутундагы Орусиянын жараны Кремлдин жанынан кармалды. Бул тууралуу анын мас абалында экенин кошумчалоо менен орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны “Эмне үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын жарандары орус жарандыгын бат эле алышат?” деген суроо кызыктырган. Ошол эле мезгилде ал Кремлге кирүүгө аракет жасаган. Бейбаштык жасаган жаран ошол замат кармалган. Текшерүү учурунда анын психикалык жактан оорулуу эмес экендиги аныкталган. Ага бейбаштык аракети үчүн 500 рубль өлчөмүндө административдик айып пул салынган.
Белгилей кетсек, кармалган жарандын жубайы жана уулу көп убакыттан бери Орусиянын жарандыгын ала албай жаткандыгы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Тобо олло кулкум келди(кулдум)Быкылдап кулуп отурам)))