super.kg logo

Этек кир гигиенасы боюнча сурамжылоого 11-17 жаш курактагы 200 кыз катышып, орчундуу маселелер бар экенин айтышты

 

Өспүрүм кыздардын этек кир гигиенасы изилдөөгө алынып, эки орчундуу маселе бар экени анык болду. Изилдөөгө 200 өспүрүм катышып, жаш кыздардын этек кир тууралуу маалыматынын жетишсиздиги жана мектептердеги дааратканаларда ыңгайлуу шарттар түзүлбөгөнү аныкталган. Бул тууралуу өспүрүм кыздардын гигиенасы боюнча өткөн тегерек столдо “Save the children” Эл аралык долбоорунун менеджери Асел Абдырахманова билдирди.

Аталган иш-чарага канайым Раиса Атамбаева, билим берүү министри Эльвира Сариева жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында өспүрүм кыздардын этек кир гигиенасы боюнча изилдөө иштеринин жыйынтыгы берилди. Изилдөөгө 200 өспүрүм катышып, жаш кыздардын этек кир тууралуу маалыматынын жоктугу жана мектептердеги дааратканаларда ыңгайлуу шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.

“Изилдөөнү Чүй жана Ош облустарындагы 6 айылдык мектепте жүргүздүк. Сурамжылоого 11-17 жаш курактагы кыздар катышты. Алар суу, даараткана жаатында мектептерде шарттын жоктугун айтышты. Мисалы, айыл мектептеринде суу жоктугуна байланыштуу дааратканалар сыртта жайгашкан. Кышында суук жана санитардык жактан таза эмес. Албетте, кыздар үчүн бул тема уяттуу, бирок кыздар этек кири келгенде алмаштырууга шарт жок деп нааразы. Анан жаш кыздардын ал боюнча эч кандай маалыматы жок. Ошентип кыздардын алгачкы өздүк гигиенасы бузулууда. Албетте, анан ар кандай гинекологиялык оорулар пайда болот. Ошондуктан өспүрүм кыздарга энелер, мугалимдер түшүндүрүп берүүсү керек”, - дейт Асел Абдырахманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай жакшы баардык мектептердин ичинде ысык суусу бар ажатканалар курулса,кыздар учун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: