Өмүрбек Текебаев "спикерди шайлоодо эки талапкердин бирдей добуш алып калганы атайын жасалган эмес" дейт

Бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикерди шайлоодо талапкерлер Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") жана Канат Исаев ("Кыргызстан") 51:51ден бирдей добуш алып калышканы атайын жасалбаганын айтты.
"Төраганы шайлоо кандай өтөрү боюнча ар кандай варианттар болгон. Жыйынтыгы кандай болорун депутаттар да, серепчилер да билген эмес. Шайлоо регламентке ылайык өттү. Талапкер өтсө өтөт, өтпөсө жаңы шайлоо болот. Көптөгөн варианттардын бири болуп калды: эки талапкер тең шайланбай калды. Мындай жасаш кыйын. Депутаттарды алып келип, кол алышып, "60ты Асанга бересиң, 60ты Үсөнгө бересиң" деп макулдашсаң да тең чыкпайт да. Сөзсүз бирөө тескери жасайт",- деди Текебаев.
Төрагалыкка талапкерлер 51:51ден тең добуш алганы тууралуу Текебаевдин пикири
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

