Ош. Кесиптик окуу жайлар менен мектептердин байланышын жакшыртуу максатында семинар өттү

Тарых жана маданият жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун белгилүү ишмери, Ош педагогикалык окуу жайынын негиздөөчүсү Б.Данияровго арналган "Изденүүлөр жана табылгалар" аттуу 2-регионалдык усулдук-практикалык семинар болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуу жайдын мугалими Нурмира Турсунбаева билдирди.
“Семинардын негизги максаты - жогорку кесиптик окуу жайы менен жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу, мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү”, - дейт окуу жайдын ректору Бекмырза Зулуев.
Белгилей кетсек, облустар аралык семинарга Ош, Баткен облустарындагы мектеп директорлору жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышкан. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, өзгөчө белгиленген активдүү катышуучуга баалуу белектер жана китеп жыйнактары тапшырылды.
