ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Мындан 53 жыл мурун кытайлык актёр Жет Ли төрөлгөн
Мындан 53 жыл мурун, 1963-жылы 26-апрелде кытайлык актёр Жет Ли Пекин шаарында туулган. Жет Ли 8 жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катышып калып, ал Жет Лиге чоң таасир калтырган. Жарым жылдан кийин Жет Ли мектепти таштап Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнөлүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.
2
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















