super.kg logo
  Саясат  

Талант Мамытов: "Биздин иштин артында чоң өзгөрүү же бөлүнүп жарылууга алып келүү коркунучу турат"

 

Айыпталуучу "Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сот ишинде депутат Талант Мамытов акыркы сөзүн айтты. "Биздин иш бүдөмүк болууда, мунун артында чоң өзгөрүү же бөлүнүп жарылууга алып келүү коркунучу турат. Бийликти басып алууга аракет кылган адам курал-жарак топтойт, бизде бир да курал болгон эмес. “Айкөл-Ала-Тоо” коомунун кызматкерлери жалган көрсөтмө беришти. Ал эми генерал Сабаевди башына уруу айыбы далилденген жок. Эптеп бир нерсе таап, бизди каралоону көздөп жатышат. "25-сентябрда бийликти басып алуу тууралуу сөз болгон" дешүүдө, бирок мен ал күнү иш сапарым менен Тажикстанда болчумун. Тергөөчүлөр ушул нерсени карап чыгышпастан айып коюшту. Ал эми митингде ок атылып жаткан учурда элди таштап кетип кала албадым. Ал митингге мен өкүл катары баргам. Урматтуу сот, бизди актап бериңиз”,- деди Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: