super.kg logo

Борбор калаада Бишкек жана Токмок шаарларындагы мектептердин лидерлеринин жолугушуусу болду

 

Бишкек шаарында мектептердин лидерлеринин арасында аймактык достукту бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга вице-мэр Айгүл Рыскулова чакырылган.

“Иш-чаранын бирден-бир максаты - жашы жете элек өспүрүмдөр арасында аймактык достукту чыңдоо жана балдарды мекенчилдикке үндөө, ошондой эле жаратылышты коргоо жана аны сүйүүгө чакыруу”, - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жоюуну колго алуу максатында өткөрүлгөн. Жолугушуунун кийинки бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсияга чыгуу менен жана Чернобыль апаатында кайтыш болгондорго тургузулган айкелдин алдында улантылды.

Эскерте кетсек, бүгүн борбор калаада Чернобыль апаатынын 30 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: