super.kg logo
  Саясат  

Кубатбек Кожоналиев: "Депутаттар жаш бала эмес да, колунан жетелеп жүргүдөй"

 

29-мартта “ата журтчу” 3 депутатка байланыштуу соттук отурум уланууда. 3-октябрда "Кумтөр" боюнча өткөн митингде алып баруучулук кылган айыпталуучу Кубатбек Кожоналиев соттогу акыркы сөзүн айтты. Ал митинг учурунда Камчыбек Ташиевди токтотуп калбаганы үчүн мамлекеттик айыптоочулардын соттон 8 жылга эркинен ажыратууну сураганына макул эмес. “Депутаттар жаш бала эмес да, колунан жетелеп жүргүдөй. Айыптоодо "Кожоналиев митингди уюштуруп качып кетти" деп жатышат, мен эмнеге качмак элем? Президентибиз айтып жатат "эгерде күнөөлөрү далилденсе, мыйзам бузуулар болсо, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Сотту жана мыйзамды сыйлайлы" деп. Сотко көрсөтмө берүүгө баары келди, бирок башкы прокурор келбей койду. Урматтуу судья, азыр сизде 2 жол турат. Бири мыйзам чегинде, экинчиси саясий өңүттөгү чечим кабыл алуу. Сизге абдан кыйын экенин түшүнүп турам, бирок адилеттүүлүк керек. Сизди туура чечим кабыл алат деп ишенем”,- деди Кожоналиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: