super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында "Реал" жана "Манчестер Ситинин" футболчулары гол жарата алышкан жок, финалдык жолдомо ээси 1 аптадан кийин аныкталат

 

27-апрелге караган түнү Англиянын Манчестер шаарында Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну орун алды. "Этихад" стадионундагы беттеште "Манчестер Сити" футболдук клубу "Реалды" кабыл алды.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, оюн 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.

Оюнда гол жаратууга аз гана мүмкүнчүлүк болду. Оюн жыйынтыкталар алдында "Манчестер Ситинин" дарбазачысы Жо Харт атаандаштын оюнчулары Каземиро менен Пепенин кооптуу соккуларын катары менен тосуп алды. "Реалдын" дарбазачысы Кейлор Навас болсо Кевин де Брейне тепкен айып соккусунда мыкты болуп чыкты.

Бул оюнда мадриддиктердин курамында Криштиану Роналду оюнга чыккан жок.

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 4-майда орун алат. Беттеш Мадрид шаарында өтмөкчү.






Чемпиондор Лигасы 2015-2016. Жарым финал. Манчестер Сити - Реал 0:0

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.04.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мс чемпион
27.04.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бензема , кристиан не ойнободу экен, бейлл жакшы ойноду бирок
27.04.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жооптук беттеште Реал женет буюруса
27.04.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bilal.,Oa tuura aitasyn.Real jenet.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: