Аламүдүн районунда бир жума мурун сууга чөгүп кеткен 58 жаштагы жаран табыла элек
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында 20-апрель күнү 58 жаштагы жаран Чоң Чүй каналына чөгүп кетип, ошол бойдон табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Молдовановка айылынан ИИМге караштуу дачанын 58 жаштагы Орунбек Жээнбаев аттуу тургуну 20-апрель күнү саат 21:00 чамасында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөөгө чыгышып, бирок жаранды табышкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.