super.kg logo
  Саясат  

Данияр Тербишалиев: "Бишкек мэриясына карата кылмыш ишин козгоо керек"

 

"Мыйзам баарыбызга бирдей, эгерде мэр Иса Өмүркулов жерлерди мыйзамсыз саткан болсо, анда ага карата кылмыш ишин козгоо керек",- деп билдирди ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев маалымат жыйында. "Кыргызстандын долбоорчулар ассоциациясы" тарабынан кайрылуу келип түшкөнүн айткан эл өкүлү, кайрылууда Бишкек шаарындагы “Жеңиш”, “Ата-Түрк” сейил бактарына караштуу жерлер мэрия тарабынан мыйзамсыз берилип, курулуш иштери жүрүп жаткандыгы боюнча бир катар фактылар бар экенин белгиледи. 

"Жер кодексине ылайык, өзгөчө кайтаруудагы жерлерге курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Ал эми азыр “Жеңиш” сейил багынын айланасында  чоң-чоң ресторандар, мейманканалар курулуп жатат. Ошол себептен Бишкек шаардык мэриясынын мындай мыйзам бузуу иштери үчүн кылмыш иши козголушу керек",- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: