super.kg logo

Жалал-Абад облусунда алдамчылык фактыларына шектелип издөөдө жүргөн аял борбор калаадан кармалды

 

Жалал-Абад облусунда алдамчылык фактыларына шектелип издөөдө жүргөн аял Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы А.Г. аттуу тургуну К.Х. аттуу аялга өз үйүн сатам деген шылтоо менен 15 миң доллар акчасын алып, изин жашырып кеткен. Ал эми башка тааныштарына Audi S4 үлгүсүндөгү унаасын сатмак болуп 3800 долларын алып, качып кеткен. Шаардагы дүкөндөрдүн биринен жалпы суммасы 1080 долларды түзгөн жылыткычтарды алып, мында да акчасын бербей изин жашырып кеткен.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, 2015-жылдын 4-ноябрында аталган аялга издөө жарыяланган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында издөөдөгү аял Бишкектен кармалган. Ал Жалал-Абадга алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: