super.kg logo
  Саясат  

Спикерди шайлоонун жашыруун добуш берүү процедурасында депутат фотографтан сыртка чыгууну талап кылды

 

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында спикерди шайлоо процесси өтүп жатат. Анын жүрүшүндө талапкерлер КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев өз программалары менен депутаттарды тааныштырышты. Андан соң талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Учурда шайлоонун жашыруун добуш берүү процедурасы өтүүдө. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороевдин айтымында, ар бир бюллетенде белги коюуга 3 жер бар: эки талапкердин аты-жөнүнүн жанында жана "баарына каршы" деген жазуунун жанында. Мындан тышкары Жээнчороев депутаттарды добуш берүү кабинасына уюлдук телефонсуз барууга чакырды.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев аталган кабина тарапта сүрөт тартып жаткан фотографтан сыртка чыгууну талап кылды.






Спикерди шайлоо: жашыруун добуш берүү процедурасы (27.04.16)

Спикерди шайлоодо фотограф бюллетендерди тартып жатты (27.04.16)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: