Индияда денелери бөлөк, бирок бир гана баштуу сиам эгиздери төрөлдү

Индиянын чыгышында жайгашкан Гуджарат штатында денелери бөлөк, бирок бир гана баштуу сиам эгиздери төрөлдү. Баштары бир болгону менен, эки денеде тең жүрөк, колу-буту жана башка органдары толук бар болчу. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, эгиздер төрөлгөн соң 6 мүнөттөн кийин чарчап калышкан.
Сиам эгиздери жарыкка келген төрөткананын дарыгери Киртан Вияс төмөнкүлөргө токтолду: "Негизи, эгиздер жарыкка келгенде ата-энесине эскертүү берип, 1 баштагы мээни экиге бөлүү мүмкүн эмес экенин айтканбыз. Бул миллиондон бир жолу кездешүүчү көрүнүш".
Эгиздердин сөөктөрү учурда изилдөө үчүн Мамлекеттик медициналык колледжге өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Тооба кылдым.