super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Отурушка барып, кечиккенде ата-энем колдоруна таяк алып кирип барган"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар" деген тема талкууланууда.

"Бул жагынан менин ата-энем рекорд коёт. Бардык отурушта апам, сиңдим менен чогуу отурдук го, чиркин. Бир күнү бир баланын туулган күнү болду. 2 саатка эле деп араң суранып чыктым. Чогулдук, отуруш башталды, 2 саат өттү. Мен 17:00дө чыккам үйдөн, саат 20:00, жүрөк дүкүлдөп баштады, кайра-кайра терезени карамай. Сегиз жарымда ызы-чуу, апам да, атам да кирип келди, колдорунда таяк..."

"Мен апамдын жөнөтпөй турганын билип, атамдын иштен келер убагын күтчүмүн. Жибергени менен, баарын тактап сурап, дарегин, ата-энесинин телефон номерин алып калчу".

"Эң сонун кез окуучулук күндөр экен. Мен эч жерден калбайт элем. Классташ дос балдарым менен дайым уюштурчумун, анан мектепке да магнитофон алып барып мугалимдерден уруш укчу элек. Бирок сабак бүткөндөн кийин жаш мугалимдер бош класска чакырышып, өздөрү да бийлешчү".

"Классташтар 9-майда жаратылыш коюнуна чыгабыз деп пландаганбыз. Анан бир жума мурун эле тыпылдып жумуштун баарын жасадым. "Подходдун" түрүн жасадым го, чиркин. Акыркы мүнөттөргө чейин жөнөтүп калабы деп үмүттөнгөм, бирок жөнөтпөй коюшту. Анан ошол күнү эшиктерди тарсылдатып, жиним келип кечке ыйлагам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.04.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо мындай окуя 10-класста бир болгон,эки кыздын апалары келип таяк менен уруп бизди кар кечип качкан байпакчан. Азыр эстеп күлүп калабыз .
27.04.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ата-энем ишенишчу 9-кл бутуп кеткенче отурушка бардым!
28.04.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени омуру отурушка жиберишчу эмес. Баары класста даярданышып бул салат тиги боорсок ж.б. деп мени баары бир барбайсында деп коюшуп, эртеси кечке айтып беришчу кантип бийлеп, ырдап, окуяларды. Мен укканыма суйунчум. 10 класста бир 8 мартка жиберишти саат сегизге чейин деп,бирок кызыгып 8 жарымдар болуп кетиптир, шашып бушуп бутумду кийватсам апам келди килтейген союлу менен, элдин козунчо сабап аябай уйго кубалап апкеткен. Азыр кулкум келет, барбайле койбопмун деп.
28.04.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда мектепте окуп жургондо классташ кыздарды чогултуп калат элек келген кыздардын бирден кийимин алып жонотпогон кыздардын уйуно барып баленчи тукунчу келди мына кор жолугун шапкасы рубашкасы кара деп анан ошого ишенишип ата энелери жонотушот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: