super.kg logo

Бишкекте "37 жаштагы аялын өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген шек менен күйөөсү кармалды

 

Бишкек шаарында "37 жаштагы аялын өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 24-декабрында саат 20:45 чамасында Октябрь районунун нөөмөт бөлүмүнө "аял өзүн өзү өлтүрдү" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери батирдин ичинен полдо жаткан 37 жаштагы К.Н. аттуу аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Анын денесин кароо учурунда бир нече жаракаттар табылган.

Бул факт боюнча "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренесинин 1-бөлүгү (коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын дайыма кемсинтүү аркылуу адамды өзүн өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 26-апрель күнү кылмышка шектүү катары маркумдун 40 жаштагы У.Н. аттуу күйөөсү кармалды. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.04.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаман окя болуптур аялдарды кордогон кем акылдарга озгочо жаза колдонуу керек. Балдары жок бекен

27.04.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
неге 4 айдан кармап атат!
28.04.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял киши кем акылсыздык кылып жанын кыйса куйоолору жооп бере турган болгонбу э ошондо. Эми аялдарыбыз олуп алам деп коркутуп тобобузго чыкпаса болду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: