Бишкекте сатылып жаткан жерлердин мыйзамдуулугун депутаттык комиссия текшерет
“Бишкек шаарынын айланасында жүрүп жаткан айрым курулуш иштери чындап эле мыйзамга ылайык келбесе, анда курулуш ээлери сөзсүз жоопко тартылат. Анткени мындай курулуштарга мэриянын эч кандай тиешеси жок. Биз таза иштеп жатабыз”. Бул сөздү бүгүн, 29-марттагы КСДП фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов айтты. Айта кетсек, буга чейин ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев мэрия тарабынан жер тилкелери мыйзамсыз түрдө сатылып жаткандыгы тууралуу маселе көтөргөн. Буга байланыштуу аталган фракциянын жыйынында талкуу болуп, бул маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

