super.kg logo

Кемин. Эки жигит тарабынан зордуктоого кабылган жабырлануучу аларга таарынып арызданганын айтып, тосмо арыз жазып берди

 

Кемин шаарында эки жигит тарабынан зордуктоого кабылган жабырлануучу өз каалоосу менен жыныстык катнашка барып, кийин аларга таарынып арызданганын билдирип, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы К.М. аттуу кыз кайрылып, 14-апрель күнү саат 23:00 чамасында анын эки чала таанышы күч колдонуу менен иштебеген май куюучу жайга алып барып зордуктап койгонун билдирген. Бул факт боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары кармалган А.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар жабырлануучу аларды жакшы тааный тургандыгын жана өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын айтып, көп өтпөй алардын ортосунда уруш чыгып кеткенин кошумчалашкан. 19-апрель күнү жабырлануучу кыз кайрадан милицияга кайрылып, кылмышка шектүүлөр аны зордуктабаганын айтып, аларга таарынып, өч алуу үчүн арыз жазып койгонун билдирип, тосмо арыз жазып берген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жабырлануучу тосмо арыз жазып бергендигине байланыштуу иш токтотулмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.04.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Акчасын бербей койушса керекда.Озу эки балага макул болсо олгон экен
27.04.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Urmat_83,тиги 2 клиент насыяга (карызга) урган болсо через милиция ондуруп алдыда
28.04.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibew, bazar, этика нормаларын сактаңыз!
28.04.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олдуго бул жагы Заманын бору болсо бору бол, заманын тулку болсо тулку болбу? Эх ушундай арамдардын айынан ааламдын апааттары коп болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: