Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Сузакта жер көчкү басып калган 14 жашар бала табыла элек







Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында түшкөн жер көчкүнүн алдында калган бала изделүүдө. Маалыматты 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "27-апрелде саат 17:30 чамасында Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң метр куб жер көчкү түшүп, 1 үйдү басып калган. Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын башка тилкесинде көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү 2 баланы басып калып, бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 14 жашар бала көчкү астынан изделүүдө", - деп билдирди министрлик.
Көчкү түшкөн айылда министрликтин куткаруучулары иштеп жатышат.
Сузакта жер көчкү жүргөн учур
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Агрессивдүү, провокация жаратуучу билдирүүлөр көп болгондуктан, жабылган.