super.kg logo

Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринин жанынан унаанын ичинен 17 миң сом уурдоого шектелген 2 өспүрүм кармалды

 

Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринин жанынан унаанын эшигин бузуп кирип, 17 миң сом уурдоого шектелген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине арыз менен 36 жаштагы Т.А. аттуу аял кайрылган. Анда ал 26-апрель күнү саат 16:00 чамасында 12-15 жаштар чамасындагы эки бала 7-кичи райондогу төрөт үйүнүн жанынан Nissan Primera үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бузуп кирип, 17 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы А.И. жана К.Ч. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энелерин жоопко тартуу керек. Татыктуу тарбия бере алышпагандыгы учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: