Бишкек шаарында "селсаяк аялды бычактаган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте шаарында "селсаяк аялды бычактаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү саат 17:00 чамасында туруктуу жашоочу жайы жок жарандардын баш калкалоочу жайындагы бөлмөлөрдүн биринен 34 жаштагы Я.А. аттуу жаран уруштан улам 30 жаштагы П.О. аттуу аялды бычактап салган. Төшүнүн сол тарабына бычактан жаракат алган аял ооруканага жеткирилген.
Бул факт боюнча “ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 34 жаштагы Я.А. аттуу туруктуу жашоочу жайы жок жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.