super.kg logo
  Спорт  

Испаниянын "Атлетико" футболдук клубу өз үйүндө германиялык "Баварияны" утуп алды (фоторепортаж)

 

"Атлетико" (Испания) - "Бавария" (Германия) - 1:0

Гол: Сауль (10-мүнөттө)

Ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Атлетико" футболдук клубу өз стадионунда "Баварияны" утуп алды. Оюндун тагдырын жарым коргоочу Сауль Ньигестин оюндун башында киргизген голу чечти.

Алгачкы таймда "Атлетико" топсуз чуркап, атаандашка дарбазага жакындоого мүмкүнчүлүк түзгөн жок. Негизи, алгачкы 45 мүнөттүктө германиялыктар чабуулда жетиштүү деңгээлде мыкты боло алышкан жок. Сауль гол киргизген эпизоддо атаандаштын коргоочулары чоң ката кетиришти. 2-таймда "Бавария" өтө активдүү, агрессивдүү ойноду, бирок атаандаш коргонууда мыкты болуп, эсеп артыкчылыгын оюн аягына чейин кармап кала алды. Давид Алаба, Артуро Видаль, Роберт Левандовски атаандаш үчүн кооптуу кырдаалдарды түзгөнү менен, топ дарбазага кирген жок.

Кошумчалай кетсек, жооптук оюн 3-майда Мюнхенде орун алат.

Экинчи жарым финалдык беттеште мадриддик "Реал" конокто англиялык "Манчестер Сити" менен беттешип, 0:0 эсеби катталган.






Чемпиондор Лигасы. "Атлетико" - "Бавария" 1:0

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.04.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
бавария оз уйундо мыкты ойнойт чабуулда да коргонуу да кийинки оюн 4:0менен бавария женет деп ойлойм
28.04.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
arawan,менин корозум.да оз уйундо мыкты урушчу эле. Атлетико баварияга 4:0го утула турган команда эмес топ тоголок биз билбейбиз ийгилик кайсыл командага жылмайаарын
28.04.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Куйдайым насип кылса бул клубтарды менин колдогон Алаф футболдук клубум женетко чиркин 2:0 эсебинде. Ураааааааа.
28.04.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014 финал ЛЧ Лиссабон. Атлетико-Реал.Роналду жарым финалда жаракаты. Ла лигада Барса,Атлетико очкосу бирдей. Мунун бары кайталанып атат. 2016 финал ЛЧ Реал-Атлетико 2-0 дубль Роналду. ЛЧ тарыхынла 18 гоол. Бул менин божомолум.
28.04.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ла-лигада Атлетикодо эн аз топ (Пропущенный). Мюнхенде конокто бир топ киргизсе, Бавария эптеп бир гол киргизсе, Атлетикону финалда көрөбүз буйруса.
28.04.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Немис машинасы Мадридге жеткиче бензини өчүп калыптыр))) Мюнхенде жакшы от алат го эми))

Эмнеси болсода 3-майда фантастикалуу оюн болот.
28.04.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнолук футбол кызыктуу болот негедир..клуб ортосундагы оюндар мага кызыксыз корунот..
29.04.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атлетико эркек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: