КҮНСЕРЕП: Өкмөттүн ырчыларга күнү түштү
Бүгүн, 28-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн парламентте ант беришти. Бир нече премьер-министрди отставкага узаткан эски министрлер дагы бир жолу өлкөгө кызмат кылууга, мыйзамдарды кынтыксыз аткарууга, кокус аткара албай калса керт башы менен жооп берүүгө даярдыгын айтышты. Өкмөт алмашты аты калды, арасындагы айрымдары экс-премьерлер Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев жана Сариевдин министрлери... Анттан кийин депутаттар өкмөттүн 2015-жылкы отчётун угууга киришти.
Депутаттарга маалымат берүүдө премьер Сооронбай Жээнбеков тердеп-кургап, берилген суроолордун көбүнө конкреттүү жооп узата албай шаштысы кетти. Кызматка жаңы дайындалды, анча-мынча маселелерди билбей калышы мүмкүн... Бирок ипотекалык насыя, "Кумтөр" сыяктуу маанилүү иштерге карата премьердин жообу даяр болушу керек эле. Өкмөт ипотекалык насыялар менен карапайым мугалимдер үйлүү болууга мүмкүнчүлүк алганын былтыртан бери айтып келет. Ошол долбоорду ишке ашыра турган Сооронбай Жээнбековго депутаттар "Ипотекалык насыяга ай сайын 15 миң сомдон төлөө керек экен. Мугалимдердин көбүнүн айлыгы 7-8 миң сом, кантип ипотекага үй алышат?" деген суроо беришип, конкреттүү жооп уга алышпады. Өкмөт жетекчиси "Кумтөр" маселесин кантип, качан чечүү керектиги тууралуу өкмөттүн көз карашын ачыктабай, мунун үстүнөн президенттик аппарат да иштеп жатканын айтуу менен чектелди. Айтор, Жээнбековдун премьер-министрлик даремети көрүнө баштады...
Өкмөттүн отчётундагы айрым маалыматтар депутаттардын сынына кабылды. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров ырчылар Жийдеш Идирисова менен Кайрат Примбердиевдин эл аралык сынакта жараткан ийгиликтерин өкмөт өзүнүн отчётуна киргизип алганын билдирип, өздөрүнүн күчү менен сынактарга катышкан ырчылардын жеңишине авторлош болууга өкмөттүн акысы жоктугун айтты.
Кыргыз жеринде эстрада ырчыларына, дегеле шоу-бизнес тармагына жыргаткан өкмөттүк колдоо жок. Көпчүлүгү сынактарга жана фестивалдарга өз чөнтөгүнүн эсебинен же демөөрчүлөрдүн колдоосунун арты менен катышып жүрүшөт. Аталган ырчылар чет мамлекеттеги сынактарга катышуу үчүн демөөрчү издеп бир топ убара тартышканда Көк үйдөн жардам болгон эмес. Кантсе да сынакта ийгилик багынтышып, өлкөнүн желегин желбиретип келишти. Эми алардын мээнетин өкмөттүн менчиктеп алышы канчалык жөндүү? Өкмөттүн мындай "эрдиги" биринчи жолу болуп жаткан жок... 2012-жылы Темир Сариев экономика жана монополияга каршы көзөмөл министри болуп турганда “Чехия-Словакия таланттарды издейт” сынагынан биринчиликти утуп, 100 миң евро алып келген Атай Өмүрзаков менен “Евразия жылдызы” сынагынан 30 миң доллар алып келген Гүлжигит Калыков мамлекеттин бюджетине кирешенин 10 пайызын салык иретинде төлөшү керектигин айтып, көпчүлүктүн кыжырын келтирген.
2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында КСДП өзүнүн жетишкендиктерин тизмектеп, анын катарына кыргыз өлкөсүндө адамдардын санынын көбөйүп жатышын да кошкон. Анда элдин көбөйүшүнө КСДПнын кандай салымы бар экенин билбей таң калгандар көп болгон.
Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 1 адам жер көчкүнүн алдында калды. Тийиштүү министрликтин куткаруучулары жер алдында калган 14 жашар баланын денесин бүгүн табышты. Аталган айыл аймагындагы бул экинчи жер көчкү. Биринчиси быйылкы жылдын 11-апрелинде болуп, айылдагы 31 үй электр жарыгысыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон жерлерди аныктап, кооптуу аймактын тургундарынын көбүн башка жакка көчүрүшкөн. Мындайда жергиликтүү жашоочулардын айрымдары үйүн таштап кеткиси келишпей, өз өмүрлөрүн тобокелге салган учурлар кездешет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да бүгүн ушул жагдайды белгиледи. Министрлик жыл башынан бери жергиликтүү бийликке 18 жолу эскертүү берип, жашоочуларды көчүрүү зарылдыгын айткан. 27-апрелдеги жер көчкүнүн алдында калып каза болгон бала, анын жанында бир аял, дагы бир бала ошол күнү кооптуу аймакка малын жайып, кашааларын бекемдеп жүрүшкөнү айтылды.
Кыргыз өлкөсүндө акыркы жылдары жер көчкү коркунучундагы 4016 үй аныкталып, анын 1064ү коопсуз жерге көчүрүлгөн. Учурда 2952 үй-бүлө айтылган эскертүүлөргө көңүл бурбай кооптуу аймактарда жашап жатышат. Канткен күндө да адамдардын бейкүнөө өлүмүнүн алдын алуу зарыл. Өкмөт алардын баш калкалоосуна шарт түзүп, жашоочулар тобокелчиликти токтотуп башка аймактарга көчүүлөрү керек.
Кыргыз мамлекетинде адам өлтүрүп өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн №19-түзөтүү колониясы ишке берилди. Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан мекеменин өзгөчөлүгү - кылмышкерлерге түзүлгөн шарт. Мындай шарттар кыргыз өлкөсүндөгү мектептерде жок. Колония жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурдин Турусбековдун билдиришинче, кылмышкерлердин ден соолугуна кам көрүлүүчү атайын жайлар бар. Жеңил операциялар ушул имараттын ичинде эле жасалары маалым болду. Дары-дармек жана керектелүүчү каражаттары жетиштүү. Абактагылардын жакындары жана туугандары менен кездешүүчү жаңы имарат курулуп жатканы белгилүү болду. Кыска мөөнөттөгү жолугушуулар эки сааттан төрт саатка чейин созулса, андан сырткары үй-бүлөлүүлөргө ылайыкталып, 3 суткага чейин узак мөөнөттөгү жолугушуулар үчүн курулуп жаткан бөлмөлөр бар. Өкмөт оор кылмыш кылгандарга мыкты шартын эртерээк түзүп бүтсө экен деп тилейбиз. Балким, андан кийин кезек ооруканалар менен мектептерге да жетер...

