super.kg logo

Бишкекте жол кырсыгына учураган "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Лексустун айдоочулары жана 1 жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды

 

Бишкекте жол кырсыгына учураган "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Лексустун айдоочулары жана 1 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жол-патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-апрелде саат 19:30 чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада ар түрдүү жаракаттарды алган эки айдоочу жана Лексустун 1 жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочулар соо болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул аварияны коргон куболор изделуудо. Кабарлашып коюнуздар, Лексустун айдоочусу куноосун танып жатыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: